Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына 2021-жылдын I-кварталында (январь–март айларында) келип түшкөн  жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында (мындан ары — Президенттин Аппараты) 2021-жылдын I-кварталында жарандардын 4381 кайрылуулары менен иштер жүргүзүлдү (2020-жылдын ушундай эле мезгилинде — 3168), алардын ичинде:

— жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар —  3669 (2020-жылы — 2370);

— Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 465 (2020-жылы — 540);

— «Ишеним телефондору» жана кызматтык телефондор аркылуу кайрылган жарандар — 247 (2020-жылы — 258).

2021-жылдын 1-кварталында келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) бардык 3669 кайрылуулардын 3619у Президенттин Аппаратына (2020-жылы — 2324), ал эми калган 50 кайрылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түштү (2020-жылы — 46).

Президенттин Аппаратына келип түшкөн 3619 кайрылуулардын 1900ү (же 52,5%) көзөмөлгө алынды, алардын 1085и аткарылды (57,1%),  815 жарандын кайрылуулары (42,9%) аткарылууда. Ал эми, 1719 кайрылуу (47,5%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түшкөн 50 жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын 45и (90,0%) көзөмөлгө алынып, алардын 30у (66,7%) аткарылды, 15 жарандын арызы каралууда (15,8%). Калган 5 кайрылуу (10,0%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү мамлекеттик органдарга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, райондук мамлекеттик администрацияларга, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

2021-жылдын январь–март айларынын ичинде жазуу жүзүндө (электрондук) келип түшкөн 3669 кайрылууларды бөлгөндө, эң көп арыздар, даттануулар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан — 1338 (36,5%) келип түштү (2020-жылы — 987).

Ал эми, Чүй областынын жашоочуларынан — 676 (18,4%) (2020-жылы — 421), Жалал-Абад областынан — 422 (11,5%) (2020-жылы — 254), Ысык-Көл областынан — 314 (8,6%) (2020-жылы — 117), Ош областынан — 265 (7,2%) (2020-жылы — 158), Нарын областынан – 201 (5,5%) (2020-жылы — 80), Ош шаарынан — 144 (4,0%) (2020-жылы — 98), Баткен областынан — 136 (3,7%) (2020-жылы — 136), Талас областынан — 83 (2,3%) (2020-жылы — 57), КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 90 (2,3%) (2020-жылы — 62) жарандын кайрылуулары келгендигин билдиребиз (маалымат тиркелет).

Бардык жазуу жүзүндөгү (электрондук) 3669 кайрылуулардын 2077си (56,6%) жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүндө, ал эми 1592си (43,4%) кайрылуу Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүндө каралды.

 

Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын тематикасы жана мүнөзү

Президенттин Аппаратына келип түшкөн жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) 3669 кайрылуулары тематикасы жана мүнөзү боюнча негизинен 9 багытта болду (2020 — жылдын ушундай эле мезгилинде жылы — 2370):

  1. Соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча —
    1198 кайрылуу (32,7%), алардын ичинде:

— сот органдарынын ишмердигине байланыштуу — 531;

— прокуратура органдарынын ишмердигине байланыштуу — 427;

— ички иштер органдарынын ишмердигине байланыштуу — 180;

— улуттук коопсуздук органдарынын — 31;

— финансы полициясынын жана жазаларды аткаруу органдарынын ишмердиктерине байланыштуу — 29.

 

  1. Турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери боюнча — 528 (14,4%), алардын ичинде:

— турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү жөнүндө — 297;

— жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери жөнүндө — 85;

— жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча — 146.

 

  1. Мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, ырайым кылуу жана мунапыс маселелери боюнча — 388 (10,5%), алардын ичинде:

— ырайым кылуу маселеси боюнча — 243;

— жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу маселелери боюнча — 115;

— мамлекеттик сыйлыктар боюнча — 30.

 

  1. Социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, жөлөкпул, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча — 291 (8,0%), алардын ичинде:

— материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө — 149;

— пенсия, жөлөкпул жана башка жеңилдиктер боюнча — 71;

— эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы боюнча — 63;

— социалдык кызматтын иши жөнүндө — 8.

 

  1. Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча — 279 (7,6%), алардын ичинде:

— саламаттык сактоо маселеси боюнча — 159;

— билим берүү маселеси боюнча — 66;

— маданият маселеси боюнча — 54.

 

  1. Кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (пайызы жок же төмөнкү пайызы менен) — 172 (4,7%);

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына тийиштүү, ошондой эле Аппараттын, министрликтердин жана башка административдик ведомстволордун иши боюнча — 163 (4,4%);

 

  1. Коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча — 56 (1,5%);

 

  1. Курулуш, архитектура, транспорт жана байланыш маселелери боюнча — 44 (1,2%).

Ал эми, калган 550 (15,0%) жарандын кайрылууларында социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган.

 

President.kg расмий интернет сайтына келген кайрылуулар

2021-жылдын январь–март айларынын ичинде President.kg расмий интернет сайтына республиканын бардык региондорунан, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет мамлекеттерден жарандардын 655 электрондук кайрылуулары келип түштү (2020-жылдын ушундай эле мезгилинде — 469), алардын ичинде:

  • Бишкек шаарынан — 200 (же 30,5%) (2020-жылы — 161);
  • Чүй областынан — 144 (22,0%) (2020-жылы — 66);
  • Ысык-Көл областынан — 55 (8,4%) (2020-жылы — 60);
  • Ош областынан жана Ош шаарынан – 66 (10,1%) (2020-жылы — 69);
  • Жалал-Абад областынан — 40 (6,1%) (2020-жылы — 22);
  • Баткен областынан -30 (4,6%) (2020-жылы — 20);
  • Нарын областынан — 24 (3,7%) (2020-жылы — 14);
  • Талас областынан — 16 (2,4%) (2020-жылы — 9);
  • КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 80 (12,2%) (2020-жылы — 48).

Электрондук почта аркылуу келген кайрылуулар тематикасы боюнча негизинен 6 багытта болду:

— сот, укук коргоо органдарынын ишмердиги жана коопсуздук маселелери боюнча — 190 (29,0%);

— мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, ырайым кылуу жана мунапыс маселелери боюнча — 113 (17,3);

— турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери боюнча — 69 (10,5%);

— саламаттыкты сактоо, маданият  жана билим берүү маселелери боюнча — 60 (9,2%);

— социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, жөлөкпул, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча — 52 (7,9%);

— финансы, кредит, отун-энергетика, транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча — 25 (3,8%).

Ошондой эле, жарандардын башка багыттагы көйгөйлүү маселелери жана сунуштары боюнча — 146 (22,3%) кайрылуу келип түштү.

Расмий интернет сайтка келип түшкөн кайрылуулар жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүндө алдын-ала каралгандан кийин, көпчүлүк бөлүгүнө тийиштүү жооптор берилип, калгандары тиешелүүлүгүнө жараша андан ары иштөө үчүн Президенттин Аппаратынын бөлүмдөрүнө, мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга жиберилип, көзөмөлгө алынды жана жыйынтыктары боюнча арыз ээлерине жооптор жиберилди.

 

Массалык-маалымат каражаттары жана интернет-сайттар менен иштөө

2021-жылдын январь–март айларында бөлүм тарабынан массалык-маалымат каражаттарына маалыматтарды жарыялоо боюнча бир топ иш-чаралар жүргүзүлдү, алардын ичинде:

2021-жылдын 2-февралында «President.kg» расмий веб-сайтында жана «Kabar.kg», «Аkipress», «24.kg» маалыматтык сайттарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2021-жылдын январь айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат жарыяланды.       

2021-жылдын 6-мартында «President.kg» расмий веб-сайтында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2021-жылдын февраль айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат жарыяланды.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамалары аркылуу жарандарды кабыл алуу

2021-жылдын январь–март айларында Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамалары аркылуу 465 жаран кабыл алынды (2020-жылдын ушундай эле мезгилинде — 540), алардын ичинде Бишкек шаарында — 372 жаран (80,0%), Ош шаарында — 93 жаран (20,0%).

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилери тарабынан 9 (1,9%) жаран кабыл алынды.

Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти жана анын Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларына ылайык коомдук кабылдамаларда 465 (98,1%) жаран кабыл алынып, аларга маселелеринин маңызы боюнча кеңештер жана жооптор берилди, тактап айтканда:

— жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы жана кызматкерлери тарабынан 212 (45,6%) жаран;

— соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү — 130 (28,0%);

— Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы — 44 (9,5%);

— социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмү — 29 (6,2%);

— гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдук институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү — 21 (4,5%);

— мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук бөлүмү — 11 (2,4%);

— стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмү — 4 (0,9%);

— Ырайым кылуу маселелер боюнча комиссиянын катчылыгы — 3 (0,6%);

— Жарандык маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы тарабынан 2 (0,4%) жаран кабыл алынып, маселелери боюнча кеңештер, жооптор жана тиешелүүлүгүнө жараша компетенттүү органдарга кайрылуунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди.

Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «ишеним телефону» жана кызматтык телефондор аркылуу кайрылган 247 жаранга тиешелүү жооптор, кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди.

2021-жылдын январь–март айларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн административдик имаратынын алдында өткөрүлгөн
жарандардын 5 акциянын катышуучулары менен тийиштүү иштер жүргүзүлдү, алардын ичинде:

— 1-февралында «Караван» соода борборунун 100дөн ашык катышкан ижарачыларынын электрондук сатып алуу порталынан алып салууну талап кылышкан акциясы;

— 16-февралында чек ара маселелери боюнча 50 жаран катышкан Баткен жана Жалал-Абад областтарынын тургундарынын нааразычылык акциясы;

— 4-мартында Чүй облусунун Аламүдүн районунун башчысы-акими М. Саккараевдин жана аталган райондун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Көлбаевдин кызматтан кетишин талап кылган 50 жаран катышкан акция;

— 17-мартында «Пегас Ала-Тоо» курулуш компаниясынын директору А. Найзабекованын алдамчылык фактылары боюнча сот жана укук коргоо органдары тарабынан тийиштүү чаралар көрүлбөй жаткандыгы боюнча 15 жаран катышкан нааразычылык акциясы;

— 24-мартында «ТЭЦ-2» конушунун 100дөн ашык тургундары катышкан курулган үйлөрүн мыйзамдаштырып берүүнү талап кылган акциясы.

2021-жылдын 16-февралында өткөрүлгөн акциянын катышуучуларынын талаптарына ылайык 17-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары М. А. Сатыевдин жетекчилигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Коопсуздук Кеңешинин катчысы, УКМК, ИИМ жана башка министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен чек ара маселелери боюнча жарандык активисттер жана Баткен, Жалал-Абад областтарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүлдү жана жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдарга керектүү тапшырмалар берилери билдирилди.

Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан калган акцияларга чыккан жарандардын суроо-талаптарын тактоо жана алардын чечилиш жолдору, коомдук тартипти сактоо жана койгон маселелери боюнча тиешелүү жана компетенттүү органдарга кайрылуунун тартиби жөнүндө, ошондой эле башка багыттагы кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү берүү иштери жүргүзүлдү.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча Коомдук кабылдамасынын иши

Жогорудагы белгиленгендердин ичинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасында 2021-жылдын январь–март айларында ичинде 155 жарандын кайрылуулары менен иштер жүргүзүлдү (2020-жылдын ушундай мезгилинде — 169).

Аталган мезгилде 50 жарандын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары келип, алардын ичинде, Ош шаарынан — 8, Ош областынан — 23, Жалал-Абад областынан — 5, Баткен областынан — 3, Талас областынан — 1, Чүй областынан — 7, Ысык-Көл областынан — 3, Өзбекстан Республикасынан  — 1 жаранга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

«Ишеним телефону» аркылуу 12 жаран кайрылышып, аларга мүнөзү боюнча тиешелүү жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Коомдук кабылдамада аталган мезгилде 93 жаран кабыл алынып, алардын ичинде Ош шаарынан — 28, Ош областынын райондорунан —  60, Жалал-Абад областынан — 2, Баткен областынан — 2, Россия Федерациясынын Москва шаарынан — 1 жаранга нормативдик-укуктук документтер жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий абал боюнча маалыматтык жардамдар  көрсөтүлдү.