Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан жана ЕРӨБ ортосундагы «Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо“ долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2018-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Каракол шаарынын „Суу каналы“ муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо“ долбоору үчүн Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан Швейцария Конфедерациясынан инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 24-октябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 15-ноябрь