Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Белоруссиянын Президенти Александр Лукашенко Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

«Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздин аракетиңиз, акылман жана салмактуу саясатыңыз аркылуу Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө эл аралык аренада өз позициясын жана кадыр-баркын бекемдеп, динамикалуу түрдө өнүгүп келе жатат.

Мамлекеттердин ортосундагы достукка жана конструктивдүү өнөктөштүккө негизделген мамилелер мындан ары да эки элдин  кызыкчылыгында көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн өбөлгө болот деп ишенем.

Сизге, урматтуу Сооронбай Шарипович, чын дилимден бекем ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу ишиңизде жаңы ийгиликтерди каалайм», — деп белгиленген Белоруссия Президентинин куттуктоосунда.

2019-жыл 16-ноябрь