Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмунун парламенттер аралык ассамблеясынын Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

«Сиздин талыкпас эмгегиңиз менен бүгүнкү күндө Кыргызстан саясий, экономикалык жана социалдык багыттарда алгылыктуу ийгиликтерге жетишип, эл аралык алакаларын кыйла кеңейтип, дүйнөлүк жана регионалдуу процесстеринин күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин чечүүдө өзүнүн ролун бекемдеди.

Сизди КМШ өлкөлөрүнүн парламентарийлери аймактагы интеграциялык процесстердин кеңейишине жана бекемдешине жеке зор салым кошкон өз мамлекетинин анык лидери катары тааныйт. Мындан тышкары Сизди, КМШ аймагында стратегиалык өнөктөштүккө жана достукту арттырууга өзгөчө көңүл бурган инсан катары билишет», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Дмитрий Кобицкий Сооронбай Жээнбековго чың ден соолук жана бардык баштаган иштеринде ийгиликтерди каалады.

2019-жыл 16-ноябрь