Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Чүй областына барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарын улантууда.

Бүгүн, 6-февралда, Мамлекет башчысы жумушчу сапары менен Чүй областына барат.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушууну өткөрөт.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков кайра иштетүүчү жана айыл чарба ишканаларынын ишмердиги менен таанышат.

2020-жыл 6-февраль