Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жакыпбек Байымбетов УКМКнын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Байымбетов Жакыпбек Мамадыевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан өз арызынын негизинде бошотулду.

Кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу чечимди Жакыпбек Байымбетов ден соолугуна байланыштуу кабыл алды.

2020-жыл 2-июнь