Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кубатбек Бороновго Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруу жүктөлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Боронов Кубатбек Айылчыевичке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруу жүктөлдү.

Ушул эле Жарлык менен Абылгазиев Мухаммедкалый Дуйшекеевич берген арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруудан бошотулду.

2020-жыл 16-июнь