Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Станислав Зась Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстандын элин Жаңы жылы менен куттуктады.
«Биз эл аралык аренада жалпы жетишкендиктерибиз менен сыймыктанабыз. ЖККУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттери менен жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга жооп издөө, регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көп иштер жасалды. Жаңы жылды белгилөө менен, ал союздаштык мамилелерди чыңдоо жагынан маанилүү болуп, биздин Уюмдун алкагындагы интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүүгө кызмат кылат деп ишенебиз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.