Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
«Достук, өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделген боордош орус-кыргыз мамилелерин чыңдоого Сиздин дайыма көңүл буруп жатканыңызды белгилегим келет.
Соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатат. Энергетика, өнөр жай, жогорку технологиялар жана башка тармактарда келечектүү долбоорлор ишке ашырылууда», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Президент Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакыт жана анын жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө жаңы ийгиликтерди каалады.