Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 18-19-декабрда Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барат.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы бир катар объектилердин ачылыш аземине катышып, өнөр жай ишканаларынын иши жана жол курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров облустук клиникалык оорукананын мисалында облустагы медицинанын абалы менен таанышаары күтүлүүдө.

2021-жыл 18-декабрь