Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Туристтик тармактын субъекттерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туристтик инфратүзүмдү (анын ичинде транспорттук, коммуналдык, инновациялык, оюн-зооктук жана туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөрдү) реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн инструменттерди өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
— «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» мамлекеттик мекемесин белгиленген тартипте түзсүн;
— Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин.