Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 3-майда түрк тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдогандын ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду.

Биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттары жана кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин келечеги талкууланды.

Реджеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду Орозо Айт майрамы менен куттуктап, боордош кыргыз элине каалоо-тилектерин айтты. Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап Түркия Президентинин сапарын күтүп жатканын жана Мамлекеттер аралык жогорку кеңешмени Кыргызстанда өткөрүүнү пландап жатканын дагы бир жолу белгиледи.

2022-жыл 3-май