Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин Администрациясынын административдик имаратын куруу долбоорун КРПИБ караштуу “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын жойулушу боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын административдик имаратын куруу долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырарын билдиребиз.

Буга чейин эскиздик долбоорун иштеп чыгуу сынагын жеңип алган “Архи-Вижн” ЖЧКсы азыркы учурда долбоордук-сметалык иштерин жүргүзүүдө. Долбоорлоо аяктагандан кийин инвесторлор тартылып, түздөн-түз объектинин курулушун жүргүзө турган аткаруучу (подрядчы) аныкталат.

Жойулган Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын башка долбоорлору болгон эмес.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо максатында “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны жойуу жөнүндө” Мамлекет башчысынын Жарлыгына кол коюлган.

  

2022-жыл 24-июнь