Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» маек берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

Мамлекет башчысынын маегинин стенограммасы толугу менен берилет:

— Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар. Биринчи радиодо «Президент менен «Ачык сөз» уктуруусу. Биз адаттагыдай эле Мамлекет башчыбызга бир нече суроолор менен кайрылалы деп турабыз. Саламатсызбы, Сооронбай Шарипович.

— Саламатсызбы.

— Урматтуу Президент, Covid-19 илдетинин кесепети турмушубуздун бардык тармагына тийди. Кыргызстандын башка мамлекеттер менен соода-экономикалык, гуманитардык-маданий алакаларын калыбына келтирүү боюнча аракеттер кандай болууда?

— Туура айтасыз. Өлкөбүздүн экономикасы ачык жана эркин болгондуктан, сырткы глобалдык шарттарга биз дагы көз карандыбыз.

Авиакаттамдар жабылып, автомобилдик каттамдар да кыйынчылыктарга туш болду. Аны баарыбыз тең сездик, ушул күнгө чейин сезип жатабыз. Авиакаттамдар азыр толугу менен ачыла элек. Бирок биз авиакаттамдар боюнча да, автомобилдик каттамдар боюнча да азыр иш жүргүзүп жатабыз.

Бул жагдай өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерге терс таасир этти. Биздин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө да терс таасирин тийгизди. Эми турмуш бара-бара өз нугуна кайтып келүүдө. Covid-19 илдети жайылганга чейинки аракеттерибиз уланат. Ошол иштерди аткарганга аракеттерди катуу жумшап жатабыз. Буйруса, ишке ашырабыз. Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн негиздери жалпысынан өзгөрбөйт.

Биз эмнеге басым жасоого кызыкдарбыз, кыскача токтолуп кетейин.

Мен дайыма айтып келем, биз экологиялык таза айыл чарба азыгыбыз менен атаандаштыкка туруштук беребиз деп. Келечек ушул багытта. Бул багытта да биз келечектүү, терең иштерди алып барып жатабыз. Кыргызстан экологиялык таза айыл чарба азык-түлүктөрүн экспортоону көбөйтөт. Өзүңүз билесиз, экологиялык таза айыл чарба азыктары бул кайсы өлкөдө болбосун чоң суроо-талапка ээ. Айрыкча, өнүккөн мамлекеттер, жашоо деңгээли жогору өлкөлөр ушундай экологиялык таза продукцияга кызыкдар.

Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү, ВСП+ өзгөчө жеңилдетилген статусу берилген. Коңшу Кытай мамлекети да биз үчүн ири рынок. Бизде өндүрүлгөн азык-түлүктү Кытайга чыгаруу боюнча иш башталган. Мунун үстүндө ишти күчөтүп, талаптарды да коюп жатабыз. Биз эл аралык деңгээлге чыкканга дагы өзүбүздүн лабораторияларды даярдап, азыр ага даяр болуп калдык.

ЕврАзЭСтин алкагында бул уюмга мүчө эмес өлкөлөр менен эркин соода жүргүзүү аракети бар. Мисалы, Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттери Сербия менен эркин соода жүргүзүү тууралуу Макулдашууга кол коюлган. Ушундай эле келишим Вьетнам жана Иран менен күчүнө кирди. Израиль, Египет, Индия сыяктуу өлкөлөр менен да эркин соода жөнүндө келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, биз аны колдоп жатабыз.

Тышкы рынокко чыгуу үчүн ошол талаптарга жооп берген азык-түлүктү өндүрүп, көлөмүн көбөйтүү керекпиз. Ал үчүн өндүрүү технологияларын жакшыртуу, жетиштүү сырьелор менен камсыз кылуу зарыл. Бул маселелерди кластердик долбоорлор аркылуу чечебиз. Ага каржылоо булактары аныкталып, жеңилдиктер, дем берүү инструменттери каралган.

Биз сыртка чыгыш үчүн өзүбүзгө логистикалык борборлорду салуу боюнча долбоорлор иштеп жатат, каражаттар бар.

Өткөндөгү интервьюда да кеп кылганбыз. Экономикабызды биздин ишкерлер өргө тартат, алдыга жылдырат деп. Аларга ички ресурстардан колдоо болот. Бул боюнча иштеп жатабыз.

Бизнеске жагымдуу чөйрөнү түзүү — бул биздин улуттук стратегиялык өнүгүүнүн негизги талаптары. Экспорттук-импорттук өнүктүрүү банкын түзүү каралууда. Өкмөт, буйруса, бул боюнча дагы жакында чечим кабыл алышы керек. Бул дагы өз таасирин берет. Экспортко чоң таасир берүүчү экономикалык дипломатияны өнүктүрүү багытында Тышкы иштер министрлигине тапшырмалар берилген. Тийиштүү иштерди аткарып жатат. Натыйжасы болот деп ишенем.

Эң негизгиси, биздин экономикалык мамилелерге санариптик технологиялардын кеңири колдонулушу да чоң таасир тийгизет деп ойлойм.

Биз бүт өлкөнү санариптештирүү деп, ушул багытка абдан чоң маани берип жатабыз. Буйруса, кыска убакытта санариптештирүү боюнча жакшы жетишкендиктер бар. Бирок ага жетип калдык дебей, талапты күчөтүп жатабыз. Мен барган, кыдырган жерде санариптештирүү кандай жүрүп жатат, эмне болууда — өзүм кирип, көзүм менен көрүп, тапшырмаларды берип жатам.

Электрондук соода бүгүнкү жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Интернеттеги сатуу рыногу чоң темп менен өсүп жатат. Эксперттердин божомолуна караганда, мындан ары да абдан тез өнүгөт. Ошондуктан, биз электрондук соода сатууну өнүктүрүү боюнча да катуу иш алып барышыбыз керек. Ал боюнча мыйзамдык базаны калыптандырууга жана башка иштерге көңүл буруп жатабыз.

Ал эми гуманитардык, маданий мамилелер, Кудайга шүгүр, жакшы. Ушул татаал мезгилде биздин өнөктөш өлкөлөр менен бири-бирибизди колдоо, жардам берүү күчөдү десем болот. Жалпы эле адамзат сыяктуу мына ушундай татаал мезгилде өлкөлөр ортосундагы гуманитардык мамилелер чыңдалды десем жаңылышпайм. Биз алыскы, жакынкы өнөктөш мамлекеттердин, коңшу өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын чоң колдоосун сездик. Кыргызстан элинин атынан бардык өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдирем.

Россиядан келген медиктер биздин дарыгерлерибиз менен эриш-аркак иштешти. Кылган иштеринин баарын көрүп жаттык. Бул абдан жакшы колдоо болду.

Covid-19 илдети менен күрөш башталган алгачкы күндөн баштап, Россия Федерациясынын, Президент Владимир Владимирович Путиндин жеке колдоосу чоң болду.

Кечээ жакында Россия Федерациясынын Президенти коронавируска каршы дүйнөдө биринчи эмдөө катталгандыгын жарыялады.Бул вирус менен күрөштө адамзат үчүн абдан чоң бурулуш учур деп айтат элем. Ушул чоң окуя менен биздин стратегиялык өнөктөш, союздаш өлкө Россия Федерациясын чын дилимден өзүмдүн жана жалпы кыргыз элинин атынан куттуктайм. Ийгиликтүү болуп, дүйнө эли бул илдеттен арылабыз деп үмүт артып турабыз.

— Жакында эле чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол койдуңуз. Сырттагы мигранттарыбыздын укугунун кеңейтилиши  ишкерликте, бизнесте артыкчылыктарды берет эмеспи. Жалпы эле мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясат кандай уланат?  

— Сыртта жүргөн мекендештерибиз менен алакабыз бекем десем болот. Өкмөт, Тышкы иштер министрлиги, чет өлкөлөрдөгү элчиликтерибиз бул багытта ырааттуу иш алып барышат. Бул боюнча көзөмөлдөп, талапты коюп жатабыз.

 Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча Кеңеш бар, билесиздер. Ал Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу. Бул Мыйзамдын долбоору мына ошол кеңештин биринчи жыйынында каралган. 2019-жылдын августунда жыйын өткөн. Биздин мекендештерден бул мыйзам долбооруна сунуштар түшкөн. Ошолордун баары эске алынып, кабыл алынып, кечээ жакында күчүнө кирди. Мен ага кол койдум. Бул мыйзам менен «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу» деген түшүнүк кирди. Жалпылап айтканда, ар кандай шартка жараша, башка мамлекеттин жарандыгын алган мекендештерибиз, өзүнүн мекенинде, Кыргызстанда, адамга зарыл болгон менчик, билим алуу жана башка тиешелүү укукка ээ болот.  Жакшы мыйзам кабыл алынды. Кабыл алынганга чейин, абдан талкуу болду.

Жогоруда айткан, Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча Кеңештин отуруму жыл сайын өтүп турмак. Азыркы шартка жараша азырынча токтоп турат. Кандай өткөрүү керек, карап жатабыз. Мына ушул кеңеш биздин мекендештер менен болгон байланыштын негизги аянтчасы. Билесиздер, биздин мекендештер өз мекенин өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатышат. Айрым көгөйлөр менен катар, көптөгөн прогрессивдүү идеялары, жакшы ойлору дагы бар. Жылда ошол эле аянтчада талкуулабастан, мекендештер менен келгенде  жолугушуп, ой-пикир алмашып турам. Ушул мыйзамдын кабыл алынышын күтүштү эле, мекендештерибиздин ой-тилектери ишке ашты. Биз мекендештерибиз менен абдан тыгыз байланышта болууга кызыкдарбыз. Бул ишти буга чейин алып келгенбиз, мындан ары да ырааттуу улантып, бардык күч-аракеттерди жумшайбыз.

— Эми өлкөнүн ички турмушундагы маселеге кайрылсак. Мезгил-мезгили менен прессада Президентке сын айткан тигил же бул журналистти, блогерди же жарандык активистти укук коргоо органдарына чакырды, сурак берди деп окуп калабыз. Албетте, бул жарандык коомдун сынына кабылчу көрүнүш экени талашсыз. Ушул боюнча оюңузду билсек. Анткени, бул Сиздин да жүргүзүп жаткан саясатка көлөкө түшүрбөй койбойт.

— Сурооңузга рахмат. Мен бул суроо боюнча аянтча болсо, айтсамбы деп жүргөм. Суроо берип калдыңыз, жооп берейин.

Буга чейин бир нече ирет айткам. Азыр дагы кайталап кетсем. Күчтүү жарандык коом жана сөз эркиндиги кайсы гана өлкөнүн болбосун, өнүгүүсүнө жакшы түрткү болот. Бул өлкөнүн өнүгүшүнө, өлкөдө калыстык болушуна фундамент болуп берет. Ошондуктан, биз күчтүү жарандык коомдун жана сөз эркиндигинин өнүгүшүнө жол ачып беришибиз керек. Аларга шарт түзүп беришибиз керек. Албетте, бул эркиндиктин артында чоң жоопкерчилик бар. Бул өзүнчө кеп.   Ар бирибиз өз милдетибизди аткарышыбыз керек. Мен Президент катары өз милдетимди аракет кылып, аткарып жатам. Милиция өз милдетин аткарат. Журналист, же активист сындап жазат. Сүйлөйт. Сындап, жазып, сүйлөп, ал да өз ишин аткарып жатат да.

Алдыда чоң саясий иш жакындап калды. Парламенттик шайлоо болот.

Анын алдында да өзүнө көңүл бурдургусу келгендер болот. Өзүн элге тааныткысы келгендер болот. Мунун баары табигый көрүнүш. Буга ар бир саясатчы, мен баш болуп даяр болушубуз керек. Бирок, ар бир жаран коомчулукка кандайдыр бир билдирүү менен чыгып жатып, башканын жоопкерчилигин талап кылып жатып, өзүнүн да жоопкерчилигин унутпаса. Башка жарандын укугун тебелебесе. Саясий же жөн гана адамдык маданияттын алкагында талаш, сын, талкуу болсо, ал туура көрүнүш.  Жогоруда айттым. Дагы кайталап айтам. Милиция да өз ишин аткарып жатат деп. Бирок мен, Президент катары, мына ошондой суракка чакырып, мени коргоого муктаж эмесмин.     

— Сооронбай Шарипович, убактыңызды бөлүп, суроолорго жооп бергендигиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

— Сизге чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик.

 

2020-жыл 15-август