Венгриянын Президенти Янош Адер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады.
«Сизге жана жакындарыңызга Жаңы жыл тынчтыктын жана ийгиликтин жылы болсун», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Ошондой эле, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан куттуктоо катын жөнөтүп, анда Мамлекет башчысын жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.