Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков „Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 22-январында кабыл алынган.
Кыргыз Республикасында товар биржалардын жана биржа соодасынын иштеринде келип чыгуучу мамилерди укуктук жөнгө салууну жакшыртуу максатында аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 29-июнундагы № 915-XII «Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө» Мыйзамына айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.