Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев, Россия Президенти В. Путин, Армения Президенти С. Саргсян жана Молдова Премьер-министри П. Филип Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын элесине арналган Мемориалдык тактага гүл коюшту

Бүгүн, 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян жана  Молдова Республикасынын Премьер-министри Павел Филип Аламүдүн районунун Арашан айылындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын жаркын элесине арналган Мемориалдык тактага гүл коюшту.

Россия Федерациясынын Президенти, Армения Республикасынын Президенти жана  Молдова Республикасынын Премьер-министри Бишкекке Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчылар Кеңешинин 25-юбилейлик отурумуна катышуу үчүн келишкен.

2016-жыл 17-сентябрь