Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапары аяктады 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Пекин шаарына (Кытай Эл Республикасы) 3-февралдан 6-февралга чейин болгон иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын расмий ачылыш аземине катышып, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, бүгүн, 6-февралда Бишкекке кайтып келди.

2022-жыл 6-февраль