Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бизге динге ишенген жаштар менен жаңы шарттарда иштөө үчүн жаңы изилдөөлөр жана сунуштар зарыл

«Бизге динге ишенген жаштар менен жаңы шарттарда иштөө үчүн жаңы изилдөөлөр жана сунуштар зарыл», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында.

Мамлекет башчысы региондогу өлкөлөрдүн бардыгында жаштардын массалык түрдө динге тартылып жатканын белгиледи.

«Дин абдан күчтүү мобилизациялоочу күчкө ээ, ошондуктан биздин мамлекеттер аны деструктивдүү максатта пайдалунууга жол бербеши керек. Дин руханий жаранды, адеп-ахлактуу коомду тарбиялоо үчүн кызмат кылышы керек. Бизге динге ишенген жаштар менен жаңы шарттарда иштөө үчүн жаңы изилдөөлөр жана сунуштар зарыл», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент бул багытта изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар аз экенин белгилеп, конференция бул актуалдуу маселе боюнча өзүнүн абройлуу сөзүн айтарына ишенимин билдирди.

2019-жыл 21-ноябрь