Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров: 110 миңден ашуун үй-бүлө үчүн электроэнергиясы үчүн тарифтер 50 тыйынды түзөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук Кеңшинин жыйынында азык-түлук коопсуздугу маселесин кароо учурунда өлкөдөгү аз камсыз болгон үй бүлөлөргө электроэнергияга тарифти төмөндөтүү тапшырмасын берди.

«1-январдан баштап биринчи электроэнергиядан жардам берели. Азыр 77 тыйын да, ошону 50 тыйынга түшүрүп бергиле. 1-январдан баштап 50 тыйынга түшсүн, калган 27 тыйынын сиздер бюджеттен субсидия кылып төлөп бересиздер», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы тийиштүү министрликтерге аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн даректерин, аты-жөндөрүн тактоону тапшырды. 

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жаңы тарифтер 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кириши керек.

«Бир айдын ичинде дагы бир сыйра ревизия кылып чыккыла. 31-декабрга чейин эски тариф менен аласыңар дагы, 1-январдан баштап жаңы, 50 тыйындык тариф менен аласыздар. Ушул 110 518 үйдө. Бир айдан кийин сиздерден сурайбыз», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров  Министрлер Кабинетинин  Төрагасы Акылбек Жапаровго  тамак-аш жагынан да жардам берүү керектигин айтты.

«Жаңы жылдан кийин сөзсүз түрдө ун, май, шекер таратып бериңиздер. Көлөмүн өзүңүздөр талдап чыгыңыздар министрликтер менен, облустардагы өкүлдөрдөн», — деди Президент.

2021-жыл 26-ноябрь