Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

«Сиз Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматында, заманбап Кыргызстанды өнүктүрүү, өлкөнүн коопсуздугун бекемдөө жана улуттук кызыкчылыгын коргоо үчүн көп иштерди жасап жатасыз. Сиз өлкөдө жана жогорку эл аралык аренада сыйга татыктуусуз. 

Россиянын Федерациясынын Федералдык  кеңешинде Сиздин Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук мамилелердин бекемдешине сезилээрлик салымыңызды, ошондой эле Сиздин парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү активдүү ролуңузду жогору баалашат.

Сиздин колдооңуз менен баарлашуунун бул маанилүү каналы орус-кыргыз байланышында ар дайым натыйжалуу курал болуп кала берет деп терең ишенем», — деп куттуктоо телеграммасында айтылган.

Валентина Матвиенко Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана Кыргызстандын элинин бакубатчылыгы үчүн ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

2019-жыл 16-ноябрь