Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Кечиримдүүлүктү, мээримдүүлүктү, жана кайрымдуулукту тартуулаган Рамазан айынын соңунда келүүчү Орозо айт — жалпы мусулман коомчулугунун жүрөгүн бакытка толтурган жогорку баалуулуктардын улуу майрамы. Жалпы ислам дүйнөсүнө кубаныч тартуулаган бул жаркын күндөр биздин достугубузду бекемдеп, берекебизди арттыра берсин» — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбековго бакыт-таалай, иштерине ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстан элине өсүп-өнүгүү жана байгер турмуш каалады.

2020-жыл 23-май