Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Рухий аруулук жана бийик адеп-ахлак сыяктуу адамзаттын улуу баалуулуктарынын маанисин чечмелеген бул ыйык майрам мындан ары дагы биздин эки өлкөбүздүн ортосундагы алакалардын өнүгүшүнө, жалпы мусулман жамаатынын ортосундагы достук мамилени, өз ара колдоо менен тилектештикти бекемдөөгө өбөлгө болоруна чын дилимден ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Гурбангулы Бердымухамедов Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, бакты-таалай, бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, аманчылык жана өсүп- өнүгүү каалады.

2020-жыл 23-май