Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Таалатбек Масадыков Ирандын Президентинин Афганстан боюнча атайын өкүлү Хасан Каземи Куми менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Таалатбек Масадыков Иран Ислам Республикасынын Президентинин Афганстан боюнча атайын өкүлү Хасан Каземи Куми менен Бишкек шаарында жолугушту.

Иран делегациясы менен жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (КР ТИМ) Төртүнчү саясий департаментинин директору Авазбек Атаханов жана КР ТИМинин Афганстан боюнча атайын өкүлү, Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков катышты.

Тараптар Афганстандагы азыркы кырдаалды талкуулашып, регионалдык чакырыктар боюнча пикир алмашып, чөлкөмдөгү туруктуулук жана коопсуздукту сактоо зарылдыгын белгилешти.

Каземи Куминин Кыргызстанга сапары анын Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон регионалдык турнесинин алкагында өтүп жатканы белгиленет. Буга чейин ал жумушчу сапары менен Тажикстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасында болгон.

2022-жыл 27-июнь