Мамытов Талант Турдумаматович
1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык факультетте окуган.
2000-жылы Баткен облустук прокуратурасында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткарууну көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштеген.
2001-2002-жылдары — Жалал-Абад облустук прокуратурасынын мыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмгө прокурор болгон.
2002-2004-жылдары Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчүнүн кызматын аркалаган;
2004-2005-жылдары Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы болгон.
2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Уюштуруу жана эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүнүн прокурору кызмат ордунда эмгектенген.
2006-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары болуп иштеген.
2006-2007-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары болгон.
2007-2009-жылдары Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп эмгектенген.
2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген.
2011-2013-жылдары «Ата-Журт» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болуп шайланган.
2015-жылы «Республика — Ата Журт» партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген.
2020-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган.
2020-жылдын 14-ноябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу.
Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.