Чогулуштар:
- 2021-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.А. Мариповдун жетекчилигинин алданда Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү;
- 2021-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары А.К. Аалиевде тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен 2021/2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында кээ бир мектептердин жылытуу системаларын реконструкциялоо боюнча жыйын өттү;
- 2021-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары А.К. Аалиевде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин сын-пикирлерин алып салуу боюнча жыйын өткөрүлдү;
- 2021-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкынын 2021/2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйыны болуп өттү;
- 2021-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары А.К. Аалиевде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ыссык сууга орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбооруна мамлекеттик органдардын сын-пикирлерин алып салуу боюнча жыйын өткөрүлдү;
- 2021-жылдын 29-сентябрында альтернативдүү Түндүк-Түштүк жолу жана Кавак күрөң көмүр бассейнинин көмүр казуучу ишканаларын 2021/2022 жылдын күз-кыш мезгили даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары А.К.Аалиев менен жолугушуу болуп өттү.
Башкалар:
- 2021-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.А. Мариповдун төрагалыгы астында Токтогул ГЭСинин каскадында кеңешме өткөрүлдү;
- 2021-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары А.К.Аалиевдин төрагалыгы астында Нарын жана Ысык-Көл облустарында Кара-Кече көмүр кенинин участогунда “Центральныйда”, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын көмүр базасынын иши менен жана Түндүк-Түштүк жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышуу үчүн сыртта кеңешме өткөрүлдү.
- 2021–жылдын 24 сентябрындагы №204-р “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүү” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин кабыл алды;
- 2021–жылдын 24 сентябрындагы №205-р “Мунайгаз жана мунай иштетүү тармактарын өнүктүрүү үчүн “Газпром” коомдук акционердик коомунун инвестицияларын “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомуна тартуу боюнча жол картасын (мындан ары – Жол картасы) ишке ашыруу боюнча” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин кабыл алды;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынды;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынган;
- “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкынын 2021/2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды;
- уюмдардын, министрликтердин жана ведомстволордун каттары, ошондой эле жарандардын кайрылуулары менен иштөө.