30-01-2012 17:00
Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жыйындагы сөзү
Урматтуу Коргоо кеңешинин мүчөлөрү жана чакырылгандар!
Бүгүн Коргоо кеңешинин күн тартибине “Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө” маселе коюлат.
Аны биз бүгүн талкуулап, тийиштүү чечим кабыл алышыбыз керек. Отурумдун башында өз пикиримди айтып коеюн деп чечтим.
Каралып жаткан маселе, талашсыз, небак бышып жетилген. Биз өткөн жылы уюшкан кылмыштуулук менен күрөшө баштагандан, эмгек акыны, пенсияны жогорулатууга акча таба баштагандан тартып, Кыргызстан эли адилет мамлекеттин курулушуна ишене баштады. Биз бул ишеничти актоого милдеттүүбүз. Биринчи кезекте, бул жагдайда өлкөнүн өнүгүүсүнө жолтоо болуп, мамлекеттин жана жарандардын бардык күч-аракетин жокко чыгарып жаткан коррупцияны сөзсүз жеңүүбүз керек.
Бардыгы өз алдынча жай-жайы менен чечилип калат деп күтүүгө биздин акыбыз жок. Эгерде бул кесепетке чечкиндүү күрөш ачып, каршы турбасак, анда Кыргызстан далайга чейин дүйнөлүк өнүгүүнүн чаңында калып, калктын орчундуу бөлүгү жакыр бойдон кала берет.
Бийликтин милдети эмнеде? Бийликтин негизги милдети – коомдун бышып жетилген көйгөйлөрүн чечүү, өз жарандарын кылмыштуулуктан жана зомбулуктан коргоо. Маселе ушундай коюлууда. Эгерде кимдир бирөө башкача ойлосо, ал биз менен сапарлаш эмес, анткени биз криминал менен коррупцияга согуш ачтык жана аны акырына чейин чыгарууга милдеттүүбүз. Эл бизди толук колдооруна ишенем.
Коррупция бизде болуп көрбөгөндөй өлчөмдөргө жетти. Эптеп эле өз чөнтөгүн толтуруу үчүн керек болсо, баш кесерлер, туш келгендин бардыгы менен макулдашуудан кайра тартпаган мамлекеттик кызматкерлер, атка минерлер бар. Анысы аз келгенсип, бул балакет менен күрөшүүгө чакырылган органдар өздөрү көп учурда коррупциялашкан. Пара алып туруп, коррупционерлерге жоопкерчиликтен качып кетүүгө өбөлгө түзүшөт. Каалагандай актансак да, жана объективдүү себептерге шылтасак да болот, бирок ачуу чындыктан эч кайда жашына албайсың –өлкөбүздө коррупция гүлдөп жатат.
Бул жөнүндө ушул маселеге адистешкен эл аралык уюмдар Кыргызстанды 2011-жылы коррупцияны кабылдоо индекси боюнча 166-орунга, б.а. дүйнөнүн 180 өлкөсүнөн тизменин эң акырына коюп коюшту.
Жыйындын урматтуу катышуучулары!
20 жыл ичинде коррупция менен күрөшүү боюнча көп программалар кабыл алынды. Бирок алар аткарылбай калды, анткени, башкаруучулар өздөрү, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери өздөрү, алардын балдары жана туугандары уурдаганын уланта беришти. Ал тургай алар өлкөдөгү башкы ууруларга, башкы коррупционерлерге айланды. Швед саясат таануучусу Иохан Энгваллдын пикири боюнча үй-бүлөлүк башкаруу мезгили ичинде коррупция Кыргызстанда эң курч көйгөйлөрдүн бири гана болбостон, “мамлекеттик башкаруу ыкмасы” болуп калган. Укук коргоо органдары И. Энгвалль белгилегендей: “өзгөчө Бакиевдин тушунда, уюшкан кылмыштуулук менен интеграциялашып кеткен же аны алмаштырып калган”.
Мындай бүтүм анын жакында жарыяланган Кыргызстан боюнча доктордук диссертациясында жасалган. Бул канчалык ачуу билдирүү болбосун, адилеттүү билдирүү.
Урматтуу Кеңештин мүчөлөрү!
Бардыгыбыз көрүнүктүү саясатчылар, ал тургай айрым депутаттар өзүнүн криминал менен достугунан эч уялбастан, кайра сыймыктанып жүрүшкөнүн көрүп турбайбызбы. Саясий элитада сервант менен Сервантестин айырмасын билбегендер толтура. Ошол эле учурда өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген ошол эле саясатчылар менен жетекчилер кантип долларлуу миллионерлер болуп калышты? Алардын бул миллиондору кайдан келген?
Мен бардык жетекчилерге, өкмөттүн бардык мүчөлөрүнө, депутаттарга, сотторго, прокурорлорго жана башка мамлекеттик кызматкерлерге катуу эскертип койгум келет, уурулардын орду – түрмөдө.
Жыйындын урматтуу катышуучулары!
Биринчи кезекте, мен ишенем, коррупционерлерден укук коргоо жана сот органдарын тазалоо зарыл, анткени мамлекеттин жазалоочу кылычы алардын аракети менен жөн гана чымынды өлтүрө турган таякчага айланып калды. Мындан коррупционерлердин “кылы да кыйшайып” койгон жок. Өкмөттүк эмес уюмдар, ЖМК, ошондой эле көптөгөн жарандар жалпы бул органдардагы көп сандаган коррупциялык укук бузууларды көрсөтүп жатышат.
Мен, мамлекет башчысы жана Коргоо кеңешинин төрагасы катары Башкы прокуратурадан, укук коргоо жана сот органдарынан коррупционерлерге каршы ар бир кылмыш иши логикалык тыянагына чыгарылып, күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жазаланышын талап кылам.
Иштеп жаткан Конституцияга жана деги эле мурдагыларына да ылайык, кызматтык кылмыштарды биринчи кезекте Башкы прокуратура иликтөөсү керек болчу. Азыр да Конституциянын 104-беренесинин 6-пунктунда прокуратурага “мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык куугунтуктоо” жүктөлгөн деп жазылып турат. Ал эми коррупциянын деңгээли мамлекеттик кызматкерлердин коррупциялашкандыгына түздөн-түз байланыштуу эмеспи.
Демек, акыркы 20 жыл ичинде көз карандысыздык шартында прокуратура өзүнүн түздөн-түз милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбай келген жана азыр да аткарбай жаткан экен да?!
Ошондуктан, Аида Жеңишбековна, мен Башкы прокуратуранын жетекчилигин кадрлар менен бекемдөө, ошондой эле прокуратуранын жергиликтүү органдарынын ишине баа берип, андан тыянактарды чыгаруу керек деп ойлойм.
Коррупциялык кылмыштар менен күрөшүү үчүн атайын түзүлгөн каржы полициясы да бардык шарттар түзүлгөндүгүнө карабастан мында сезилерлик натыйжаларга жетише алган жок деп эсептейм. Ал тургай анын айрым кызматкерлери өздөрү да коррупциялык укук бузуулардан кайра тартышпайт.
Жалпы коомдун, жалпы элибиздин өзгөчө ачуусун келтирип, кыжырын кайнаткан нерсе – бул соттор менен судьялар. Эгерде ар кандай, ал тургай эң дүңгүрөгөн кылмыш иши сотто эң текеберлик менен “жыдып” калып олтурса, анда кантип коррупцияны жеңүүгө болсун?
Тырмакчадагы мына ушундай судьялардын бардыгын эскертким келет. Силерге ар бир ушундай иш үчүн жооп берүүгө туура келет! Куранда жана Библияда көрсөтүлгөндөй, Кудайдын гана алдында эмес! Ошондой эле бул дүйнөдө да! Силер ар бир мыйзамсыз чечимиңер үчүн жооп бересиңер! Силердин бардык ушундай чечимиңер эсепке алынып жатат. Бул чечимдердин бардыгы контролдо болот жана бул жерде мөөнөтү өтүп кетти дегендик болбойт.
Же сот корпусунун таза бөлүгү, Судьялар кеңеши элдин көйгөйүн угат жана али кеч болуп кала электе элге жана мыйзамга карай жүзүн бурат. Же өз убалыңар өзүңөргө! Конституцияга ылайык Президент элдин жана мамлекттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат. Эгерде бийлик бутактарынын бири элге каршы келген ишти жасаса, анда эл аны эмне кылуу керектигин чечип коёт! Сиздер кеч болуп кала электе туура жыйынтык чыгарасыңар деп үмүт кылам. Азырынча кеч болуп кала электе!
Ал эми Сиздерден, Феруза Зулумбековна, Дастанбай Абдрашитович, дагы бир жолу, акыркы жолу, муну сот корпусуна түшүндүрүп көрүүңүздөрдү суранам.
Биз УКМКнын курамында түзүлгөн Антикоррупциялык кызматка чоң ишеним артуудабыз. Бирок, урматтуу Сыдыгалиев, дароо эскертип кетким келет, эгерде I кварталдын аягына чейин АКК реалдуу, сезилерлик натыйжаларды бербесе, анда Сиз биринчи жетекчи катары жеке жоопкерчиликти тартасыз. Сөгүш же эскертүү болбойт. Сиз тек гана бошотуласыз. Ишенимди актабаган катары. Бул жөнүндө Сизге чындыкты жана ачык айткым келет. Ушундан жыйынтык чыгарып, күндөп-түндөп иштегиле. Биз силерге бардык жагынан жардам берүүгө даярбыз.
Жыйындын урматтуу катышуучулары!
Өзгөчө талаптар билим берүү кызматкерлерине коюлууга тийиш. Анткени алар өсүп келе жаткан муунду тарбиялашат. Бул жерде криминал менен коррупцияны түп-тамырынан толук жок кылуу керек, анткени сөз улуттун ыймандык саламаттыгы, анын келечеги жөнүндө болуп жатат. Ошондуктан бул маселени чечиш үчүн Өкмөтүбүз аракет да, каражат да аябаш керек! Ыймандуу өлкө, ыймандуу бийлик, ыймандуу жаштардын башаты – билим, элибиздин мурасы, тарыхы.
Отурумга материалдарды даярдоо процесси мамлекеттик жана коомдук институттардын болгон коррупцияга каршы иш-аракеттерин координациялоо зарылдыгын көрсөттү. Кабыл алынган иш мерчемдеринин жүзөгө ашырылышынын жүрүшүнө бир гана борбордон контролдук кылуу керек. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшкө тартылган бардык органдардан маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу, бул ишти алып баруу стратегиясына жана тактикасына түзөтүүлөрдү ошол борбордон киргизип туруу кажет.
Координация кызматын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөөнү сунуштайм, анын үстүнө бул маселе боюнча документтерди даярдоо процессине ал активдүү тартылган жана бийликтин башка бутактарынан белгилүү көз карандысыздыкка ээ. Албетте, Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга ылайык Коргоо кеңешинин катчылыгын бекемдөө менен Өкмөт мындан үнөмдөбөшү керек.
Бүгүн бул темада ачык сөз болот деген үмүттөмүн, ошондуктан чыгып сүйлөчүүлөрдөн жасалган иштер жөнүндө кооз отчетторду бербестен, коррупцияны түп тамырынан бери жок кылуу боюнча конкреттүү чараларды сунуштоону суранам. Эл күтүүдөн тажап бүттү.

кыр
рус




























