Аудио
-
22-08-2011 12:17
Президент Роза Отунбаева “Биринчи радиого” интервью берди
Бүгүн, 22-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева “Биринчи радиого” интервью берди.
-
20-06-2011 11:00
Президент Роза Отунбаева “Биринчи радиого” интервью берди
“Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кезексиз курултайында абдан курч маселелер каралды”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева “Биринчи радиого” берген интервьюсунда. Курултайда айтылган сунуштар, каалоо-тилектер боюнча берилген суроого жооп берип жатып, мамлекет башчысы былтыркы кризистен кийин ушундай диалогго, кезексиз жыйынды чакырууга муктаждык болгондугун белгиледи. “Анткени, улуттар ортосундагы катнаштар маселесинде туңгуюкка кирип кеткендей болдук. Кыргызстанда 80дей этностордун өкүлдөрү жашайт. “Биз мындан ары кандайча өнүгүшүбүз керек, түштүктөгү кризис биздин туура эмес багытта баратканыбызды аныктап койду” деген нукта сөз болуп жатты”, - деди Р.Отунбаева. Мамлекет башчысы курултай бир топ адамдар үчүн Кыргызстандагы саясий акыбал боюнча өздөрүнүн, жамааттарынын көз караштарын айтып, билдиргенге трибуна болуп бергендигин айтты. “Мен доклад менен чыгып сүйлөдүм. Спикер да доклад жасады. 20дан ашык делегаттар, ар кайсы улуттун өкүлдөрү сөз сүйлөштү, анын ичинде парламентке да сын айтылды, коомдук көрүнүштөргө да сын берилди. Бирок, улуттар ортосундагы катнаштар боюнча терең талкуулар, ойлор азыраак болду десем жаңылышпайм го. Ушул Концепциядагы сунушталган багыттар, механизмдер туурабы, дагы кайсы нерселерге басым жасаш керек деген суроолорго ой-пикирлерди угалы деген ой болгон. Бир топ сунуштар айтылды, ар кайсы улуттун өкүлдөрү сүйлөштү, алардын ой-пикирлери колдоого алынат деген ойдомун. 20 жылдан бери ушундай документ биринчи ирет каралып жатат. Азыркы абалдан кандайча чыгышыбыз керек деген тема үстүртөн чагылдырылып калгандай сезим калды менде. Айрым делегаттар чыгып сөз сүйлөгөнгө жетишпей да калды окшойт. Жыйынтыгында Ассамблеянын структурасы өзгөртүлүп, Кеңеш түзүлүп, анын жетекчиси болуп академик Бектемир Мурзубраимов шайланды”, - деди Р.Отунбаева.Кыргыз тили улуттар ортосундагы интеграциянын тили болуп, достукту, ынтымакты бекемдөөгө салым кошушу керек деген сунушка байланыштуу берилген суроого жооп берип жатып, мамлекет башчысы мамлекеттик тилди билүүгө тиешелүү маани бербегендер коомдун турмушунан четтеп кала тургандыгына көңүл бурду. “Айрым делегаттар, башка улуттардын өкүлдөрү, коомдук-саясий иштерге толук кандуу катыша албай жатабыз деп айтышты. Коомдук-саясий консолидациянын ролун мамлекеттик тил аткарат эмеспи. Кыргызстанда жашаган адам карьера жасайм десе, атаандаштыкка туруштук бере турган адис болом десе кыргыз тилин мамлекеттик тил катары өздөштүрбөсө болбойт, - деди Р.Отунбаева. Кыргызстандын 20 жылдык эгемендүүлүк тарыхында кыргыз тилинде окуткан мектептер көбөйдү, деп сөзүн улантты Президент. “Анткен менен Совет заманында басылып чыгарылган адабий китептер жетишсиз. Залкар жазуучубуз Т.Касымбековдун тарыхый романдары жаштарга жетпей жатат, сатыкта жок. Баштапкы мектептин балдары туташ кыргыз тилинде окушуна шарт түзүшүбүз керек. Азыркы заманда жаштарыбыз 2-3 тилди билиши зарыл. Мамлекеттик тилди, расмий тил болгон орус тилин да билиши керек. Англис тили - дүйнө жүзүндө кеңири колдонулган керектүү тилдердин бири. Кытай тилин активдүү өздөштүрүү болуп жатат. Курултайдын делегаттары бул сунушту колдошту, мыкты мугалимдерди кыргыз тилин окутууга тартуу керек, программаларды, усулдук китепчелерди чыгаруу керек деп баса белгилешти”, - деди Р.Отунбаева. Сөз эркиндигине байланыштуу суроого жооп берип жатып, мамлекет башчысы ЖМКны жабуу аркылуу маселе чечилбестигин белгиледи. “21- кылымда жашообуздун формасынын өзү ушундай эмеспи. Совет заманында деле “Азаттык” же ВВС аркылуу эл маалымат алчу. Бакиевдин режими кулаарына бир ай калганда Фергана.ру, Центразия.ру интернет-сайттарын жабууга аракет жасалганы маалым. Сайттарды жапканга аракет кылуу туура эмес. 1990-жылда болгон коогалаң 2010-жылы да кайталанды. Дүйнөлүк коомчулук “дагы трагедия болуп кетпеши үчүн бул нерселерди жасагылачы, мындай чара көргүлөчү” деп кайрылуу жасап жатат”, - деди Р.Отунбаева. “Акыркы саясый окуялардын фонунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каза болгон күнү да билинбей өтүп кеткендей болду. Мындан кийин эскерүүгө байланышкан кандайдыр бир иш-чаралар өткөрүлөбү?”, деген суроого жооп берип жатып, Президент бул күн жалпы Кыргызстан үчүн каргашалуу күн болгондугун белгиледи. “Улуу инсаныбыздын көзү өткөнүнө үч жыл болду. Чыкебиздин көзү жок экени абдан сезилип жатат. Мына азыркыдай өткөөл кезеңде сөзү, карааны бизге өтө керек эле. 15-июнда мамлекеттик тарых музейинде Айтматовго арналган абдан маанилүү көргөзмө ачылды. Ал жерде Айтматовго тиешелүү жеке буюмдар, китептери коюлган экен. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Айтматов китептери 106 тилге которулган жазуучу болуп эсептелет. Бул көргөзмөгө баруу менен Чыкем менен жолугушуп келгендей эле сезимде калдык”, - деди Р.Отунбаева. Мамлекет башчысы 2012-жылы учурунда Айтматовдун демилгеси менен өткөрүлгөн Ысык-Көл форумун өткөрүү пландаштырылып жаткандыгын айтты. Ошондой эле Айтматов жашаган Чоң-Арыктагы үйүндө адабият музейи ачылмакчы. “Айтматовдун руху менен кездешкени, баарлашканы дүйнө жүзүнөн анын талантынын күйөрмандары келет деп мен ишенем”, - деп баса белгиледи Р.Отунбаева. Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы
-
15-03-2011 02:11
Принят: 18 декабря 1992
Слова: Ж.Сыдыков, М.Кулуев Музыка: Н.Давлесов, К.Молдобасанов
Перевод на русский: К.Акматов, М.Рудов

кыр
рус
